Чүйдө жакынкы бир саат аралыгында шамал болушу күтүлөт

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саат аралыгында шамал болушу күтүлөт.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Буга байланыштуу министрлик жарандарды жеке коопсуздук жана материалдык чыгымдарга алып келүүчү кырсыктын алдын алуу үчүн эрежелерди сактоо менен этият болууга чакырат.

“Кырсык болгон учурда «112» номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта”, — деп белгилешти министрликтен.