УКМК: «Достук» бажы процедурасында коррупциялык иштер аныкталды

Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) менен каралган кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын «Достук» алдын ала бажы процедурасынын жеринин башчысы Н.А.Н., Ош темир жол башкармалыгынын башчысы К.Б.Ж. жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу «Достук» алдын ала бажы процедурасынын жеринин кезектик башчысы Т.М.К. кармалышты.


“Такталгандай, жогорудагы адамдар «Достук» АБПЖ постунда алдын ала бажы процедурасынын жери аркылуу өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын чогултуу боюнча мыйзамсыз баюу максатында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган.
Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат”, – деп айтылат билдирүүдө.
Учурда тергөө иштери уланууда.