Ысык-Көлгө кытайлык компания күн электр станцияларын курат

Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында кубаттуулугу 1 ГВт (1000 МВт) болгон күн электр станциясын куруу боюнча келишимге кол коюу пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, объект China Power International Development Limited жана China Railway 20 Bureau Group корпорациясынан турган кытайлык энергетикалык консорциум тарабынан курулат.

Долбоор бүгүн министрлер кабинетинде тааныштырылды. Станция Тору-Айгыр айылында курулмай болууда.

“Долбоор биз үчүн абдан маанилүү. Республиканын гидроэнергетикалык потенциалынын 70%га жакыны ишке ашпай турат, ал эми биз электр энергиясын импорттоону улантып жатабыз”, – деди Акылбек Жапаров.