«Дело №» гезитинин негиздөөчүсү Светлана Красильникова каза болду

Бишкекте «Дело №» гезитинин негиздөөчүсү жана башкы редактору Светлана Красильникова узакка созулган оорудан кийин каза болду.

Светлана Филипповна Кыргызстанда 30 жыл бою жарык көргөн жумалык «Дело №» гезитинин негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Басылманын өз мезгилинде тиражы 50 миңден 70 миң нускага чейин жеткен.

Светлана Красильникова менен коштошуу зыйнаты эртең болот.