Мэрия унаа ээлерине эскертүү берди

Фото иллюстративное

ӨКМ жакынкы аралыкта катуу шамал болуусу мүмкүн экенин айтып, шашылыш билдирүү таратты. Буга байланыштуу мэрия унаа ээлерин бак-дарактардын алдына унааларын коюуудан алыс болууга чакырат.

Гидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык жакынкы эки саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлүүдө.

Шамалдын батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.