Октябрь акимчилигине жаңы аппарат жетекчи дайындалды

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Октябрь райондук администрациясынын аппарат жетекчиси болуп Алибек Арыстанов дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри кол койду.