Айза Улан кызынын өлүмү боюнча күнөөлүү кармалды

ИИМ академиясынын курсанты Айза Улан кызынын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында У.Э.Н. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

У.Э.Н. окуя болгон учурда «Тойота Ранкс» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу болгон жана окуя болгон жерден качып кеткен деген негизде башкы шектүү катары каралууда.

Эске салсак, аталган жол кырсыгы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, учурда шектүү У.Э.Н.нын атасы У.Н.А. аттуу жаран кармалып, бирок анын ооруусуна байланыштуу сот үй камагына чыгарган.

Андан кийин Бишкек шаардык прокуратурасы аталган кылмыш ишти өз өндүрүшүнө алып, тергөө амалдарын жүргүзгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери жазык сот өндүрүшүн жүргүзүү боюнча теориялык билими жана тажрыйбасы бар У.Н.А. уулунун бул кылмышка катыштыгын жашыруу максатында оорусу жана майыптыгы анын камакта кармалышына алып келбестигин билип туруп, кылмышты өзү жасагандыгы тууралуу көрсөтмө бергендиги жана ошону менен уулун кылмыш жоопкерчилигине тартуудан сактап калууга далалат кылгандыгы аныкталган.

Сот адилеттигинен качуу максатын көздөп, өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетүүгө аракеттенген негизги шектүү У.Э.Н. тергөө иш-чараларынын натыйжасында прокуратура кызматкерлери тарабынан Бишкектен кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда прокуратура тарабынан иш боюнча бардык жагдайларды аныктоого жана бардык тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартууга багытталган активдүү тергөө аракеттери улантылууда.