Бишкектеги бала бакчадан кароолчунун жансыз денеси табылды

Бишкектеги №94 бала бакчасында эркек кишинин күйгөн денеси табылды. Бул тууралуу маалыматты борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн тастыкташты.

Белгиленгендей, 7-январь күнү саат 10:00дөр чамасында Бишкектин 11-кичи районунда жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин биринен күйүп кеткен адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат милицияга түшкөн.

Маркум 1971-жылы туулган Ж.К. экени аныкталган. Ал бала бакчада кароолчу болуп иштеген. Сөөктү текшерүү учурунда эч кандай көзгө көрүнгөн жаракаттар табылган жок, деп билдирди милиция.

Учурда тергөө иштери башталып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө иштери уланууда.