Мугалимди мазактагандар айып төлөйт: Мыйзам кабыл алынды

Бүгүн, 12-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Мыйзам долбоору депутаттар — Аманкан Кенжебаев жана Мирлан Самыйкожо тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков буга чейин берилген сунуш-пикирлер эске алынганын белгиледи.

Депутат Мирлан Самыйкожо мугалимдерди мазактаган адамдарга 1 миң сом жаза каралып жатканын айткан.

Эскерте кетсек, сунушталган мыйзам долбоору педагогикалык кызматкерлерге карата кемсинтүү, жаман сөздөр, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү жана уятсыз жаңсоолорду (белгилерди), нерселерди көрсөтүү түрүндө билдирилген сыйлабастык мамиле үчүн жоопкерчиликти орнотуу максатында иштелип чыккан.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.

Эскерте кетсек, буга чейин депутаттар мугалимдерге акарат айткан окуучунун (12-16 жаш арасындагы) ата-энесине 2 миң сом айып пул салууну сунуштаган. Эгер аталган учур кайталанган кезде, айып пул 5 миң сомду түзөрү же 3 күндөн 5 күнгө чейин камакка алынары каралган.