Мадумаров: “Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча ким жазаланган жок”

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 12-январда парламент жыйынында башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиевдин компетенттүүлүгүнөн күмөн санап жатканын билдирди.

Анын айтымында, бир күн мурун Башкы прокурордун орун басары Конституциялык мыйзамды четке каккан.

“Кечээ мен Конституция боюнча депутаттарга, министрлер кабинетинин төрагасына жана министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө кылмыш ишин Башкы прокурор гана козгой алат деп талашкам. Ал мындай нерсе жок деп жооп берди. Мындай кадрлар менен кайда баратабыз?” – деп нааразы болду депутат.

Мадумаров ошондой эле мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иши боюнча эч ким жазага тартыла электигин белгиледи.

“Кечээ Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча ким жазаланганын сурадым. Ага коррупция жана башка беренелер боюнча 7 кылмыш иши козголгон. Бирок, эч нерсе болгон жок. Башкы прокурорду убактылуу кызматтан кетиришти, бирок баары чечилип, бардыгы өз ордуларына кайтып келишти”, — деди ал. Мен ким жазаланганын сурасам, ал жооп берген жок», – деди Мадумаров.