Бишкекте мыйзамсыз курулуш алынды, – сүрөт

Бишкек шаарындагы Элебаев №60 дарегиндеги тротуар сызыгынан ашып кеткен мыйзамсыз курулуш алынды.

Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Түртүрүү «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында КЭР өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлдү.

Текшерүү Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын өкүлдөрү, «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин, мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын адистери тарабынан жүргүзүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлүп 47 чарчы метр аянтты түзгөн курулуш түрттүрүлдү.

325141843 1225010988442627 6312434062817217290 n Бишкекте мыйзамсыз курулуш алынды, - сүрөт
325344382 2414783532020250 5887273372690920699 n Бишкекте мыйзамсыз курулуш алынды, - сүрөт
MyCollages 1 1 Бишкекте мыйзамсыз курулуш алынды, - сүрөт