Лейлек районунда милиция кызматкерлери кароосуз калган жайларды текшеришти

Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы Вulak.kg редакциясына билдирди.

Лейлек РИИБдин кызматкерлери 2023-жылдын 11-13-январь күндөрү кыш мезгилинде аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана ызгаардуу суукка байланыштуу “Селсаяк” аталышындагы алдын алуу иш-чараларын өткөрүшүүдө.

Бул иш-чаранын максаты туруктуу жашаган жери жок селсаяктардын, тилемчилик менен күн өткөргөн адамдардын өлүмүнө жол бербөө.

Анын негизинде милиция кызматкерлери район аймагын кыдырышып, кароосуз калган 14 үйдүн чатырларын, жер төлөлөрдү жана борбордук базарларды, автобекет, эл көп чогулган жерлерди текшеришти.

WhatsApp Image 2023 01 12 at 12.18.59 1 Лейлек районунда милиция кызматкерлери кароосуз калган жайларды текшеришти


Ошондой эле, жарандардын коопсуздугун сактоо максатында суукка байланыштуу өрт кырсыктарын алдын алуу боюнча элдерге эскертүү жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2023 01 12 at 12.18.59 3 Лейлек районунда милиция кызматкерлери кароосуз калган жайларды текшеришти