Кыргызстан паспорт рейтингинде 81-орунда турат

Кыргызстандын паспорту мүмкүнчүлүгү жагынан дүйнөдөгү 227 өлкөнүн ичинен 81-орунда турат.

Henley & Partners рейтингине ылайык, республика жарандары 66 өлкөгө визасыз каттай алат.

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен визасыз багыттар боюнча Орусия 49-орунда турат. Бул өлкөнүн жарандары 118 мамлекетке визасыз каттай алышат. Беларус 68-орунда (78), Казакстан 70-орунда (76), Армения 79-орунда (66), Өзбекстан 85-орунда (59) турат.

Дүйнөдө эң эле күчтүү паспорт Жапонияныкы. Өлкө алдыңкы позициясын сактап калды. Жапондор 166 багытка визасыз каттай алышат.

Рейтингде антилидерлердин тизмеси дээрлик өзгөргөн эмес. Акыркы 109-орунда Ооганстан турат. Оогандар 27 өлкөгө гана визасыз каттай алышат. Рейтингдин аягында Ирак, Сирия, Пакистан жана Йемен бар.