Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 6 млрд долларга чейин акча каражаты кетиши мүмкүн

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул долбоорго ири акча каражаттарын жумшоо зарыл болгондуктан бир топ мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек болот.

«Биз Камбар-Ата-1 ГЭСи долбооруна кириштик. 2014-жылдын техникалык-экономикалык негиздемеси боюнча 3 млрд доллар болгон. Андан кийин материалдардын баасы кескин өсүп кетти. Биздин эксперттердин болжолу боюнча ал 5 млрд доллардан 6 млрд долларга чейин кете турган чоң долбоор болуп жатат», — деди ал.