Айдоочулук күбөлүк алып жаткандарга эскертүү: Теориялык суроолор жаңыртылды

ИИМ: Айдоочулук күбөлүк алууга квалификациялык экзамен тапшыруу үчүн
теориялык суроолору жаңыртылгандыгы жөнүндө эскертет

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2021-жылдын 7- декабрында №548 “Кыргыз Республикасында жол
кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар
жөнүндө” Жарлыгынын негизинде жол-транспорт кырсыктарын азайтуу, ошондой
эле айдоочуларга талапкерлерди сапаттуу даярдоо максатында, Кыргыз
Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан транспорт каражаттарын
башкаруу укугун алууга квалификациялык сынак тапшыруу үчүн Кыргыз
Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик
мекемесинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол
кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Кыргыз
Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана айдоочуларга
талапкерлерди даярдоо боюнча окуу уюмдарынын өкүлдөрүнүн ичинен
теориялык суроолорду түзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ
түзүлгөн.
Жумушчу топ тарабынан теориялык суроолор жаңыртылып, алар Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы №421 “Кыргыз
Республикасынын Жол кыймылынын эрежелеринин”токтому менен бекитилген
колдонуудагы талаптарына ылайык түзүлгөн,.
Мында окуу мерчемдерин айдоочуларга талапкерлерди өз алдынча даярдоо
боюнча уюмдар бекитет, алар Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын
эрежелерине ылайык келүүгө тийиш.
2022-жылдын 29-августунда теориялык суроолор жаңылангандан кийин
айдоочуларга талапкерлерди даярдоо боюнча бардык окуу уюмдарына
“Айдоочулук курамды тестирлөө” автоматташтырылган маалыматтык системасы
аркылуу билдирилгендигин белгилей кетүү керек.
2015-жылдан баштап теориялык сынак “Айдоочулук курамды тестирлөө”
автоматташтырылган маалыматтык тутумунда сынактык тапшырмалардын
негизинде онлайн режиминде кабыл алынарын кошумча маалымдайбыз.
Теориялык сынакты тапшырардан мурун талапкердин ордуна башка адам
тарабынан теориялык сынактан өтүүгө аракет кылбоо үчүн адамдын
графикалык сүрөтү боюнча идентификациядан өтөт.
Сынак тапшырмалары 20 аралаш суроодон турат. Теориялык сынактан өтүү
убактысы 25 мүнөт.
Эскерте кетсек, бардык сынак класстар видеокөзөмөл камералары менен
жабдылган, алар боюнча сынак тапшыруу процессин жалпыга жеткиликтүү
сайтта онлайн режиминде байкоого болот grs.gov.kg.
Теориялык сынактан өткөндөн кийин, айдоочуга талапкер айдоочулук
көндүмдөр боюнча практикалык сынактан өтүшү керек, ал чыныгы жол
кыймылынын шартында кабыл алынат, ошондой эле талапкердин жол абалын
баалоо, ага өз убагында жана туура жооп берүү, ошондой эле белгилүү бир
маневрлерди жана иш-аракеттерди жасоо жөндөмү текшерилет.
Практикалык сынак автотранспорт каражаттарына орнотулган техникалык
көзөмөлдөө каражаттарын (аудио жана видео каттоолорду), эки тараптуу
видеокаттоону пайдалануу менен кабыл алынат.

ИИМдин Басма сөз кызматы