«Соцсервис» мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору кармалды

Санариптештирүү үчүн программалык продуктуларды иштеп чыгууда бюджеттик каражаттарды уурдаган мамлекеттик ишкананын директору кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында «Санарип Кыргызстан 2019-2023» долбоорлорун ишке ашыруучу мамлекеттик ишканалар тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мурда Санариптик өнүктүрүү министрлигинин курамына кирген «Соцсервис» мамлекеттик ишканасына төмөнкү министрликтер үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн — Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм, саламаттыкты сактоо, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлегине жана Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигине 101 миллион 900 миң сом бөлүнгөнү аныкталды.

«Соцсервис» мамлекеттик ишканасынын директорунун жана бул министрликтердин жооптуу кызмат-керлеринин кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында республиканын бюджетине 38 миллион 740 миц сом зыян келтирилген, ал эми «Алдын ала пландын» чегинде белгиленген иш-чаралар аткарылган. Санариптештирүү» бүгүнкү күнгө чейин ишке ашырыла элек.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында чогултулган материалдардын негизинде 2022-жылдын 30-августунда «Соцсервис» мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору «А.А.Т. кармалып, КР УКМКнын СИЗОсуна киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.