Республиканын аймагында өткөн майрамдык иш-чараларда укук бузуулар катталган жок

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгын майрамдоонун алкагында Ички иштер министрлигинин өздүк курамы 2022-жылдын 30-августунан 1-сентябрына чейин күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөштү.
Майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун талаптагыдай камсыздоо максатында Ички иштер министрлиги тарабынан тиешелүү иш-чаралар планы иштелип чыккан.
Республика боюнча ички иштер органдарынын 10 миң кызматкери тартылып, укук бузууларды жана кылмыштарды алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүштү.


ИИМдин, ИИББдин, ИИБдин жана шаардык-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн нөөмөт бөлүмдөрүндө ыкчам-тергөө топтору түзүлүп, андан сырткары жетекчилик курамдан күнү-тү нөөмөттө турушту.
Чүй облусунун Чуңкурчак капчыгайында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана Канай уулу Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган иш-чарага 40 миңден ашык жаран катышып, 10 миңден ашык унаа катталды. Республиканын аймагында жана Бишкек шаарында өткөн майрамдык иш-чаралар коомдук тартипти бузуусуз өттү. Ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ички аскерлердин аскер кызматчылары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөштү, бул коомдук тартипти коргоонун тийиштүү деңгээлин камсыздоого мүмкүндүк берди. Укук коргоо кызматкерлери жарандардын жеке, мүлктүк жана жолдогу коопсуздугун камсыздоого басым жасады.
Өлкөдөгү ыкчам кырдаал тынч, массалык иш-чаралар өтүүчү жерлерде өзгөчө кырдаалдарга жана кырсыктарга жол берилген жок.


Коопсуздукту камсыздоого тартылган милиция кызматкерлери жогорку уюштуруучулук деңгээлде иштешип, майрамдык маанайды эч нерсе бузбай, республиканын тургундары жана коноктору көңүлдүү эс алуусу үчүн бардык аракеттерди көрүштү.
Ички иштер министрлиги жарандарга коомдук иш-чараларды өткөрүүдө маданияттуулугу жана сылык мамилеси үчүн ыраазычылык билдирет.

ИИМдин Басма сөз кызматы