Казакстандан чыга албай жүрөт делген жаран мекенге алынып келинет

Документтерин жоготуп, бир нече жылдан бери Казакстандан чыга албай жүрөт делген жаран Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кудургу айылынын тургуну. Маалыматты аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Сарымсаков тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, аталган жаран Максат Аманкулов 1981-жылы Кудургу айылында туулган. Акыркы жолу өз айылына 6 жыл мурун келип кеткен.

«Максат Аманкулов 6 бир тууган. Атасынын көзү өтүп кеткен. Апасы азыркы тапта чет мамлекетте иштеп жүрөт. Бир туугандары мурда бир нече жолу документ жасатып беришип, акча которуп турушкан. Бирок паспортун жоготуп жиберген. Мындан туура 6 жыл мурун Кудургу айылына келип, туугандарына жолугуп кеткен. Анда Казакстанда иштеп жатканын айткан. Бир туугандарынын баары башка мамлекетте турушат. Жакындары Казакстандагы тийиштүү өкүлчүлүктөр менен байланышышкан. Бүгүн, 29-августта Кордайга алынып келинет экен. Кошумча маалымат беребиз»,-деп билдирди Сарымсаков.