Ксения Собчак Кыргызстандын банктын картасына ыраазычылык билдирди

Россиялык журналист жана алып баруучу Ксения Собчак Парижге эс алганы барып, ал жерден кыргыздын банктык картасы ага карата коюлган санкцияга байланыштуу ыңгайсыз кырдаалдан чыгууга жардам бергенин билдирди.

Алып баруучунун айтымында, «Лафайет» аталышындагы галереядан ага санкция коюлгандыктан чемодан сатпай коюшкан. Бирок, журналист Ксения Собчак башка бөлүмгө барып, башка атты атап, Кыргызстандын банктык картасын колдонуп, чемодан сатып алган.

Буга байланыштуу ал Инстаграм аккаунтунда пост жазып, анда ал эс алуусу кандай өткөндүгү тууралуу билдирген.

IMG 20220829 213946 442 Ксения Собчак Кыргызстандын банктын картасына ыраазычылык билдирди