Ксения Собчак Орусиядан чыгып кетти

Орусиялык журналист жана медиаменеджер Ксения Собчак кылмыш иши боюнча шектүү болду. Ал өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүрдү. Бул тууралуу ТАСС жана “База” жашыруун булактарына таянуу менен билдирди.

Маалыматка караганда, бул иш боюнча 25-октябрда Собчактын коммерциялык директору Кирилл Суханов менен Tatler басылмасынын мурдагы башкы редактору Ариан Романовский кармалган. Алар “Ростех” корпорациясынын башчысы Сергей Чемезовдон 11 миллион рубль опузалоого шектелүүдө. ТАСС кабарлагандай, баш коргоо чарасы каралып жатканда Суханов күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алууга даяр экенин айткан. Москва соту аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Ксения Собчак Орусиядан чыгып кеткенин РИА «Новости» өз булактарына таянуу менен кабарлады. Журналист 26-октябрга караган түнү Минск аркылуу Литвага кеткен; булактар аны Москва аэропортунда кармоого даярдык көрүлгөнүн билдиришти.

Кийинчерээк Собчакка карата акча опузалоо айыбы менен кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Собчак бул боюнча комментарий бере элек.

Баш коргоо чарасы каралып жатканда прокуратура өкүлү Суханов менен Романовский «Ростех» корпорациясынын башчысы, Путиндин досу делген Сергей Чемезовдон 11 миллион рубль талап кылганын айткан, ошол эле маалда Собчактын ролу белгиленген эмес. Шектүүлөр «Тушите свет» телеграм-каналынан Чемезов жөнүндө айрым маалыматтарды өчүрүү үчүн пара талап кылышкан. Прокурордун билдиришинче, Суханов 800 миң рубль алып жаткан учурда кармалган.

Шаршембиде Собчактын Подьмосковьедеги хансарайында тинтүү жүрдү.