Россия: 20 жаштагы кыргызстандык 13-кабаттан кулады

Новосибирск шаарында 20 жаштагы кыргызстандык Шерзод Акбаров Дуси Ковальчук көчөсүнүн 248 дарегиндеги курулушта 13-кабаттан кулап каза болду. Бул тууралуу маалымат «ВКонтакте» социалдык тармагындагы «Новосибирск окуясы» коомдук баракчасында жарыяланды.

Маркумдун үй-бүлөсү курулушта коопсуздук чаралары сакталган эмес деп эсептейт. Курулуш компаниясынын өкүлдөрү ишти жаап-жашырууга аракет кылууда.

«Прорабдар ишти жапкысы келип, бизге акча сунушташууда. Кайда барсак болот?» — деп жазган маркумдун тууганы басылманын астындагы комментарийлерге.

Каза болгон жумушчунун апасы да комментарий калтырган. Аялдын айтымында, үй-бүлө Новосибирскке Кыргызстандан келишкен. Маркум анын тун уулу жана үй-бүлөдө жалгыз багуучу болгон. Шерзод 20 жашта болчу. Ал жумушчу болуп иштеген. Аял маркумду акыркы сапарга узатуудан кийин прораб жана курулуш компаниясы менен иш алып барарын белгиледи.

“Вести Новосибирск” басылмасынын маалыматы боюнча, Тергөө комитети окуянын чоо-жайын иликтей баштады, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим чыгарылат.