Россияда Кыргызстандын 4 жараны кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду

6215182 07.04.2020 Мигранты у здания УФМС в Калининграде. Михаил Голенков / РИА Новости

Россияда ушул жылдын апрель айында Кыргызстандын 4 жараны кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын апрель  айында Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында консулдук багытта иш жүргүзүү боюнча дипломатиялык өкүлчүлүк Канцеляриялар менен биргеликте кыргызстандыктардын катышуусунда окуя болгон жерлерге 38ден ашык сапарларды ишке ашырылды. Ал жерлерде Россиянын компетенттүү органдарынын жетекчилиги/өкүлдөрү менен жолугушуулар жүргүзүлдү.

“Элчилик укук коргоо ишинин жыйынтыгы боюнча Россиянын укук коргоо органдары тарабынан кармалган 53 кыргызстандыкты Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотуу (же жеңилдетилген чаралар), ошондой эле 5 жаранга карата өлкөнүн чегинен административдик чыгаруу жөнүндө соттун чечимдерин жокко чыгаруу маселелерин оң жагына чечилүүсүн иштеп чыкты. Элчиликтин жардамы менен Кыргызстандын 4 жараны кылмыш жоопкерчилигинен бошотулса, 1 кыргызстандык Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салынган чет өлкөлүк жарандардын тизмесинен чыгарылды”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Кыргызстандын 1070 жаранына юридикалык жана Россиянын сот органдарына сот актыларына апелляциялык (кассациялык) даттанууларды жана башка кайрылууларды даярдоодо 53 кыргызстандыкка жардам көрсөтүлдү. Кыргызстандын жарандарына карата жүргүзүлгөн 8 соттук отурумга катышуу ишке ашырылды.

“2023-жылдын апрель айында соттолгон кыргызстандыктар менен жеке баарлашуу менен Забайкальский крайынын түзөтүү мекемелерине иш сапарлар жүргүзүлдү, ошондой эле Забайкальский крайында, Краснодар крайында, Ростов жана Амур областтарында жүргөн 130дан ашык мекендештер үчүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр жеринде жүргүзүлдү”, — деп билдиришти элчиликтен.

Түшүндүрүү иштеринин алкагында кыргыз диаспора бирикмелеринин активисттери менен 15 жолугушуу өткөрүлүп, ишеним телефондору жана социалдык тармактар ​​аркылуу 9465 адам консультация алышкан, чат-бот аркылуу 1134 жаранга керектүү маалыматтар берилип, Элчиликтин сайтына 11 маалыматтык билдирүү жарыяланган.

2023-жылдын апрель айында элчилик Канцеляриялар менен бирдикте Кыргызстандын жарандарынын укуктарын документтештирүү жана коргоо жаатында 12 395 консулдук кызматтарды жана иш-чараларды көрсөттү.

Дипломатиялык өкүлчүлүк Россияда жашаган Кыргызстандын жарандарына ар тараптуу жардам көрсөтүүгө багытталган ишин улантат.