Мурат Укушев III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара конституциялык өнүгүү тарыхына арналган фильмди көрсөтүү менен башталды.

Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө Кыргызстандын конституциялык мамлекеттин түзүлүшүндө маанилүү роль ойногон көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлерин белгилеп, өлкөнүн конституциялык өнүгүүсүнүн тарыхый этаптарына кеңири токтолду.

Садыр Жапаров элди биримдикке чакырып, Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өлкөнүн Конституциясынын духун жана маанисин жакшы билиши керектигин баса белгиледи. Өзүнүн жарандык жоопкерчилигин сезип, мамлекеттин турмушуна активдүү катышуу маанилүү. Ошондо гана Кыргызстанга салым кошуп, ийгиликтерге жетишүүгө болот. Өлкөнүн келечеги ар бирибизден көз каранды.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү:

— Кыргыз Республикасынын конституциялык негиздерин реформалоого кошкон олуттуу салымы жана үзүрлүү мыйзам жаратуу ишмери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги Укушов Мурат Каниметович III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды;

Кыргыз Республикасынын сот тутумундагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана конституциялык контролду жүзөгө ашырууга кошкон салымы үчүн
“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” ардак наамы ыйгарылды:

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары — Дуйшеев Карыбек Арстанбековичке; 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы — Жумабаев Латип Пазыловичке.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы — Бобукеева Меергул Рыскулбековна сыйланды.

Андан соң иш-чара концерттик программа менен уланды.