Садык Шер-Нияз 1-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды

Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз 1-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.