Казакстанда кыргызстандык 2,5 млн долларлык маңзат менен кармалды

Казакстанда Кыргызстандын 54 жаштагы жараны 2,5 млн долларлык баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандан жараны Vоlvо жүк ташуучу унаасы менен Кыргызстандан Россияга дарбыз ташып бара жатканда Павлодар – Омск жолунда кармалган. Анын унаасынан салмагы 59 килограммдан ашык болгон героин жана 10 килограммдан ашык нашаа табылып алынган.

«Бул дээрлик бир жолку 250 миң дозаны түзөт. Анын көмүскө базардагы баасы 2,5 млн доллардан ашат. Казакстандын Кылмыш кодексинин 286-беренесинин 4-бөлүгү (Жүгүртүүдөн алынган же жүгүртүүсү чектелген заттардын аткезчилиги) боюнча кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш ишмердигинин уюштуруучусуна мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган», — дейт Казакстандын ИИМинин өкүлү Аскар Мухаметкалиев.

Маалым болгондой, учурда аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктап-табуу иштери жүрүүдө.