Акылбек Жапаров Климаттык каржылоо борборунун ишин сындады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүгүү маселелери боюнча Координациялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жапаров белгилегендей, Координациялык кеңештин иши климаттык чараларды пландаштырууга, каржылоого жана ишке ашыруу маселесине комплекстүү мамилени камсыздоо болуп саналат, мында негизгиси – пландаштырылган иш-чараларды практикалык түрдө ишке ашыруу.

«Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшүнөн көз каранды жана экономикалык жактан биздин өлкө климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана бардык деңгээлдеги туруктуулукту жогорулатуу маселелерине өзгөчө маани берет», — деп белгиледи Акылбек Жапаров жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы №77 2022-жылды «Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттын туруктуулугу жылы» деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгы тастыктап тургандай, экологиялык жана климаттык милдеттер өлкө үчүн эң артыкчылыктуу саналарын кошумчалады.

Андан соң Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Климаттык каржылоо борборунун ишинин жыйынтыктары жана иш пландары тууралуу маалымат угулду, ошондой эле Кыргыз Республикасынын уюмдарын Жашыл климаттык фонддо аккредитациялоо маселеси боюнча учурдагы абалы каралды.

Акылбек Жапаров Климаттык каржылоо борборунун директору Дастан Абдылдаев сунуштаган маалыматты сынга алды.

«Борбор өзүнүн 4 жыл ичиндеги ишмердүүлүгүндө начар жыйынтыктарды көрсөттү, сөздөн ишке өтүү керек. Сиздерде эки гана долбоор бар, бул өтө аз. Түтүн, бөлүнүп чыккан газдар, бак-дарактарды отургузуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча көптөгөн идеяларды ишке ашырууга болот. Болгону жалпылаштырып, Жашыл климаттык фонддун кароосуна жөнөтүш керек. Мен аткарылган иштерге абдан нааразымын», — деди Акылбек Жапаров жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрине Климаттык каржылоо борборунун кызматкерлеринин ээлеген кызмат ордуна ылайык келүү маселесин карап чыгууну тапшырды.

Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.