Кеминде жол кырсыктан 5 адам каза болду

Кемин районунда жол кырсыктын кесепетинен 5 адам каза болду.

Маалым болгондой,  жол кырсык 26-августка караган түнү  Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун аймагында катталган.  Чоң жүк ташуучу унаа менен “Субару Легаси”  унаалары бетме бет кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 5 адам ошол жерде каза болгон. Алардын экөө аял, үчөө эркек. Каза болгондордун экөө жубайлар болгон.  Жүк ташуучу унаада эки ада болгон.

Учурда жол кырсыктын чоо-жайы такталууда