Караколдо дээрлик 13 млн сомго 5 даараткана куруу пландалууда

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында 5 даараткананын курулушуна 12 млн 939 миң сом коротуу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуу сайтында айтылат.

Дааратканаларды куруу боюнча тендер бүгүн, 29-августта жарыяланды. Арыздар 14-сентябрга чейин кабыл алынат.

Дааратканаларды Парковая көчөсүндө, Тагай бий сейил багында, Тыныстанов менен Кутманалиев көчөлөрүнүн кесилишинде, Токтогул Асаналиев көчөсүндө (сейил бакта) жана Пушкин атындагы сейил бакта куруу пландалган. Ар бир даараткананын курулушуна 2 млн 587,8 миң сомдон каралган.

Тендер Каракол шаардык мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан жарыяланган.