Ош базарындагы клиникага кайрылган айым арыз жазды

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматында, ушул жылдын 23-февралында К.А аттуу аял Ош базарындагы клиникага кайрылып, бетин тарттырткан.

25 августта К.А., ошол клиникадагы иштеген Н. аттуу жаранга каршы арыз жазды. Арызда 23-февралда Ош базарынын айланасындагы жайгашкан косметологиялык клиникадан бетти бырыштардан арылуу ыкмасын пайдалангандан кийин, анын бетинде тактар калып калган.

Аталган факт рээстрге катталып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

«Жабырлануучуга экспертиза дайындалды. Ал эми клиниканын бардык иш аракеттери боюнча тергөө иштери жүрүп жатат», —деп билдиришти ички иштер башкармалыгынан.

Эске салсак, ушул эле жылдын май айында косметологиялык салондорго текшерүү жүргүзүлүп, анда 63 косметологиялык мекеменин арасынан 23ү тийиштүү лицензиясы жок иш алып барган.