Чүйдүн Чуңкурчак жайлоосунда Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт

31-августта Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө карата Чүйдүн Чуңкурчак жайлоосунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ошодой эле иш-чарага өкмөт башчы Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети, Жогорку Кеңешинин депутаттары, өлкөнүн коомдук ишмерлери, Кыргызстанда аккредиттацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү жана башкалар катышат.

Чуңкурчак жайлоосунда бул күнү XIX  кылымдын көрүнүктүү саясий ишмери Канай уулу Байтиктин (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.

Өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн жана Байтик баатырдын 200 жылдыгын белгилөөнүн алкагында маданий иш-чаралар, тагыраак айтканда “Ынтымак” фестивалы, боз үйлөрдөн турган этникалык айыл уюштурулуп, концерттик программа тартууланат.

Иш-чара УТРК, республикалык телеканалдар жана социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө карата иш-чаранын салтанаттуу ачылышы болжол менен саат 09:40та болот.