Таласта жубайын сабап өлтүргөн МАИ кызматкери 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылды

  Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Талас шаардык сотунун 26-августта чыгарган өкүмү менен Ж.А.К. аттуу айыпталуучу жаран «адам өлтүрүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жыл 6 айга кесилди. Анын жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абагында өтөй турганы белгиленип, жаза өтөө мөөнөтү 2021-жылдын 29-декабрынан тарта эсептелери каралган. Өкүм чыкканга чейинки камакта кармоонун бир күнү эркиндигинен ажыратуунун бир күнүнө барабар деп эсептелинген.

«Буюм далил заттарын жарым-жартылай жок кылуу чечими кабыл алынган. Ал эми эки уюлдук телефон менен  видеокөзөмөл аппаратурасы соттолуучу А.Ж.га кайтарылган», — деп айтылат маалыматта.