УКМК: Алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү боюнча жашыруун цехтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

      Маалыматка караганда, 2023-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын УКМКсы КР Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик (Мамалкоагенттиги) менен бирдикте Кыргыз Республикасынын аймагындагы контрафакттык алкоголдук продукцияларды чыгаруу боюнча жашыруун цехтердин ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлган.
      "Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы даректер боюнча, ошондой эле «Берекет» соода борборунун (Ош базары) соода түйүндөрүн текшерүүнүн жыйынтыгында күмөндүү акциздик маркалар менен (анын ичинде акциздик маркалары жок) 12 миң даанадан ашык алкоголдук продукциялар табылды. Ошондой эле, 4 миң пачкадан ашык шектүү өндүрүштөгү акциздик маркалар, контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди чыгаруу үчүн машиналар, шаймандар, этикеткалар, капкактар, бөтөлкөлөр жана контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү үчүн зарыл болгон башка тетиктер табылып алынды. Алынган контрафакттык продукциянын жана акциздик маркалардын базар баасы болжол менен 3 миллион сомго жакын.
      КР УКМК жашыруун цехтердин продукциясы белгиленген өндүрүш жана сапат стандарттарына жооп бербестигин (алардын алкоголдук ичимдиктерди чыгарууга лицензиясы, сертификацияланган жабдуулары жок) экендигин белгилейт. Колго өндүрүүдө тиешелүү өндүрүш жана куюу технологиялары сакталбагандыгы жана сапаты күмөндүү чийки заттар пайдаланылган. Бул жагдайлардын баары кийин элдин ден соолугуна олуттуу зыян келтирерин баса белгилейт", - деп айтылат маалыматта. 
      Алкоголдук продукцияны тымызын өндүрүү, тиешелүү салыктык төлөмдөрдү, анын ичинде акциздик салыкты төлөөдөн качуу, республиканын бюджетине олуттуу зыян келтирип, алкоголду өндүрүү жаатында мамлекетке тоскоолдук жаратууда.
17f03373 27e6 4c04 86a6 5c8c0313798d kopiya УКМК: Алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү боюнча жашыруун цехтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
WhatsApp Image 2023 03 06 at 13.45.53 2 УКМК: Алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү боюнча жашыруун цехтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
d4c8d032 18e7 4dee 95bd 7a905bf97f11 УКМК: Алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү боюнча жашыруун цехтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
37686294 5f97 4f1c a30f c68e8ea76e77 kopiya УКМК: Алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү боюнча жашыруун цехтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
WhatsApp Image 2023 03 06 at 13.45.52 УКМК: Алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү боюнча жашыруун цехтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
b607a74b 8bbc 47c9 9ffe e47a625a9af2 УКМК: Алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү боюнча жашыруун цехтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
94d26886 039f 4d54 9abc 774207202297 kopiya УКМК: Алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү боюнча жашыруун цехтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
WhatsApp Image 2023 03 06 at 13.45.51 УКМК: Алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү боюнча жашыруун цехтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду