Садыр Жапаров Индияга иш сапары менен барат

Быйыл президент Садыр Жапаров Индияга иш сапары менен барары пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү билдирди.

Анын айтымында, аталган сапар май-июнь айларына белгилеген.

«Президенттин май-июнь айларында Индияга барары пландалган», — деди ал.

Ошондой эле, ал Индиядан 200 млн доллар инвестиция тартуу пландалып жатканын белгиледи.