Ленин чокусунда эки альпинист каза болду

Маалыматты Ош облустук милициясы ырастады.

Билдирүүгө ылайык, кырсык 28-августта болгон. Каза болгондордун бири орусиялык 38 жаштагы альпинист жаран болгон. Ал эми экинчи жаран 41 жаштагы кыргызстандык, Ысык-Көл облусунун тургуну.

Алдын ала маалыматтар боюнча алар сууктан же газдын исине ууланып каза болгону айтылууда. Аталган фактыны Чоң-Алай райондук милициясы каттоого алып, тергөө иштерин баштады.

Альпинисттердин сөөгүн 6100 метр бийиктиктен түшүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.