Нарында “Алтын сертификат” алган бүтүрүүчүнүн мугалимине унаа берилет

Нарын шаарында “Алтын сертификат” алган бүтүрүүчүлөрдүн мугалимдерине унаа белек кылынат. Бул тууралуу мэр Канболот Тутуев мугалимдердин август конференциясында билдирди.

Анын айтымында, мындай демилге ар бир мугалимге стимул болот.

“Келерки окуу жылдын жыйынтыгы боюнча Нарын шаарындагы мектептерден ким ЖРТнын “Алтын сертификатын” алса, ошол окуучунун мугалимине автоунаа белек кылабыз. Каржы булактарын табууну жана ушул ишти аягына чыгарууну өзүм көзөмөлдөйм”, — деди Канболот Тутуев.

Нарын шаарында өткөн мугалимдердин август конференциясында жеткиликтүү билим-тарбия берүүдөгү жетишкендиктер жана кемчиликтер, алдыда ишке ашыруу зарыл болгон милдеттер талкууланды.

Шаардагы 8 мектепте 550 мугалим эмгектенет, китеп менен камсыз болуу орус тилдүү мектептерде 83, кыргыз тилдүү мектептерде 77 пайызды түзөт.