Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны аяктады

Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны аяктады.

Отурумга Министрлер кабинетинин төрагасы, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин төрагасы Акылбек Жапаров төрагалык кылды. Жыйындын күн тартибинде интеграциялык бирикме үчүн жалпы газ рыногун түзүү, өнөр жай кооперациясын каржылоо, алкоголдук рынокту жөнгө салуу, Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү маселелери каралды.

Жалпысынан күн тартибинде 9 маселе болгон, анын жетөөсү тар курамда, ал эми экөөсү кеңейтилген курамда каралды.

Эскерте кетсек, 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Орус өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, ошондой эле ардактуу мейман катары Азербайжандын премьер-министри Али Асадов катышты.