Лейлек районунун Раззаков шаарындагы базарларда уурулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

WhatsApp Image 2022 08 26 at 10.24.28 Лейлек районунун Раззаков шаарындагы базарларда уурулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө
Лейлек РИИБнин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү  Лейлек РИИБнин көчмө кабылдама унаасы менен Лейлек районунун И. Раззаков шаарындагы мал базарды жана жайма базарларды кыдырып, элдерди кабыл алып, кылмыштуулукту болтурбоо, чөнтөк уурулугун, ошондой эле мал уурулуктун алдын алуу максатында сарайларына жарыктандыруу, видео байкоолорду орнотуу, эшиктерин бекемдөө боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүүдө. 

 Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровтун маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды жана башка үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчилике жол бербөө багытында чыккан Жарлыгын Лейлек РИИБнин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү  көчмө кабылдама менен мал базарда жана жайма базарды кыдырып түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө. 


 Раззаков шаарындагы базарга келген элдер  менен жолугуп, Жарлыкты жеткирип, ашыкча ысырапкерчилик элди социалдык жана экономикалык жактан зыяндарга учураткан жагдайлар боюнча кенен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. 
Лейлек  РИИБнын милициянын көчмө кабылдамасы түзүлгөн графиктин негизинде үзгүлтүксүз иш алып барып, район  тургундарына сервистик тейлөөлөрдү убагында жүргүзүп жатат.




     Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы
WhatsApp Image 2022 08 26 at 10.24.28 1 Лейлек районунун Раззаков шаарындагы базарларда уурулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө