Кочкордо көпүрөнүн курулушу боюнча кылмыш иши козголду

Кочкор районундагы Кочкор — Кара-Тоо айылдарын бириктирип турган көпүрөнүн курулушу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан Кочкор — Коммунизм автожолунун 1-500 чакырымындагы Чу дарыясынан өтүүчү чоң көпүрөнүн курулушу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бюджеттик каражаттар мыйзамсыз жеке курулуш ишканасына алдын ала которуп берилип, ал эми жеке курулуш ишканасы тарабынан курулуш иштери аткарылбай, мамлекетке 5 млн 728 миң 133 сомдук зыян келтирилгендиги аныкталды.

Бул факты боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу ишкананын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.