Бишкекте шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкек шаардык Ленин РИИБ 1-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү («Опузалап пара талап кылуу») боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында Ленин райондук ИИБ 1-ШМБ башчысы, милициянын подполковниги Ч.А. пара алып жаткан жеринен кармалды, анын аракеттеринде жарандардан түшкөн арыздарды кароодо коррупциялык схемаларды уюштуруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган.

Ал 25-августта УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.