СҮРӨТ: Жогорку Кеңештин имаратынын жанында роза бактары атайылап сындырылды

Жогорку Кеңештин имаратынын жанында отургузулган 4 даана роза бадалдары сындырылган. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 26-августта «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эртең мененки аймакты кыдыруу учурунда сынган бадалдар аныкталган.

Мындан тышкары, бузуучулар 20га жакын сальвияны тебелеп кетишкен.

Учурда аталган ишкананын кызматкерлери, Биринчи май району боюнча жетекчиси жана жашылдандыруу адистери мыйзам бузуучуларды аныктап, акт түзүүгө аракет кылууда.

1661492226 СҮРӨТ: Жогорку Кеңештин имаратынын жанында роза бактары атайылап сындырылды
1661492203 СҮРӨТ: Жогорку Кеңештин имаратынын жанында роза бактары атайылап сындырылды