Кыздарына кол көтөргөнү үчүн атасы жубайына арыз жазды

2-августта социалдык тармактарга апасы кызын бир нече жолу жаагына чаап, сабап жаткан видео тарады. Окуя Жалал-Абад облсунунун Сузак районунда болгону белгилүү болоду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы 3-августта “Ынтымакка” билдирди.

Окуя 28-июлда саат 10дор чамасында аталган райондун Жыгач-Коргон айылында орун алган. Милициянын маалыматына ылайык, 37 жаштагы аял өзүнүн 18 жана 12 жаштагы кыздарын себепсиз ур-токмокко алган. Окуяны 12 жаштагы кызы видеого тартып алган.

“Бул окуя боюнча кыздардын 48 жаштагы атасы арыз жазган. Аталган факт Сузак РИИБне “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда сотко чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат”, – дешти облусттук милициядан.