ВИДЕО: Сузакта сексуалдык кызмат көрсөтүү менен баңгизат колдонгон көмүскө жай табылды

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонуу үчүн көмүскө жайды уюштурган жаран кармалды.


2023-жылдын май айынын аягында Сузак РИИБге Сузак районунун аймагында Ош-Бишкек унаа жолунда жайгашкан мейманканалардын биринде кыздар кардарларга сексуалдык кызмат көрсөтүү менен баңгизат жана психотроптук каражаттарджы колдонуу үчүн жай уюштурулгандыгы тууралуу кабарланган.


“Бул маалымат Сузак РИИБде катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде “Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү” каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында объективдүү жана ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү максатында Сузак РИИБнин Тергөө кызматы топтолгон материалдарды ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына тапшырган.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ыкчам кызматкерлер тарабынан 1993-жылы туулган жаран “Т” кармалып, ал материалдык пайда алуу максатында сойкулук менен алектенген, баңгизат жана дары-дармек каражаттарын колдонгон жайларды уюштургандыгы аныкталган”, – деп айтылат маалыматта.


Учурда кармалган жаран Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

eb68c40d 7b8c 4fbf a1e8 e447f5c0311f ВИДЕО: Сузакта сексуалдык кызмат көрсөтүү менен баңгизат колдонгон көмүскө жай табылды
a53bd103 4249 4032 969a 0c08be63eaad ВИДЕО: Сузакта сексуалдык кызмат көрсөтүү менен баңгизат колдонгон көмүскө жай табылды