Манас РИИБи эс алуучу жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

    Бул тууралуу Талас ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


    Манас РИИБдин коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматкерлери туристтик мезгил башталгандан бери эс алуучу жайларда коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-мерчемдерди иштеп чыккан. Манас району Казакстан Республикасы менен чектеш жайгашкандыктан, коңшу өлкөдөн дагы сууга түшүп эс алууга жарандар байма бай келип турат.

    Арал, Покровка, Бала-Саруу, Таш-Көл, Май жана суу бөлүштүрүүчү жайларда дайыма түшүндүрүү иштери жүрүп турат. Анда туристтерге сылык мамиле кылуу, коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча нускамалар берилет. Куткаруучулар текшерилип, суу кырсыктарын алдын алуу максатында кандай кырдаал болбосун 102, 112, 103 кызматына кайрылса болорун эскертишет. Ошондой эле жарандарга визиттик карточкалар таратылып, юридикалык кеңештер берилет. Милициянын көчмө кабылдамасы кайрылууларды кабыл алат. Андан тышкары Балдар менен иштөө инспекциясы тарабынан жаш өспүрүмдөргө өзгөчө көңүл бурулат”, – деп айтылат маалыматта.

    0c7c8c76 2943 4789 ba61 28ea00ec3b38 Манас РИИБи эс алуучу жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
    7de9c5e9 9d3b 4eb4 b1b7 642375a1f672 Манас РИИБи эс алуучу жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
    858de5ae c164 4f96 b49b 566249ef4b6d Манас РИИБи эс алуучу жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө