“Көзүнөн жабыркады”: Сузакта “акыркы коңгуроо” учурунда окуучунун бетине салют жарылды

Сузактагы Саидулла Акбаров атындагы No16 орто мектепте “акыркы коңгуроо” учурунда бир окуучунун бетине салют тийди. Социалдык тармактарда окуянын видеосу тарады.

Сегизинчи класстын окуучусу күйүү менен ооруканага жаткырылганы маалымдалат. Туугандарынын айтуусу боюнча, баланын көрүү жөндөмү начар.

Учурда аталган мектептин директору жумуштан бошотулду.

Эскерте кетсек, аталган мектепте чөгөлөп отуруп классташынан кечирим сураган кыздын видеосу бир жума мурда тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.