«Максат» чек ара заставасы Баткенде ачылды

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда «Максат» чек ара заставасы бүгүн, 29-майда ачылды. Иш-чарага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

УКМКдан кабарлашкандай, жаңы ачылган заставанын имаратынын жана бөлүктөрүнүн абалы менен Камчыбек Ташиев таанышып чыккан.

Заставанын имараты жаңыдан түптөлүп, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө жана жашоо шарттары заман талабына шайкеш деңгээлде жакшыртылган. Мында аскерлердин эс алуу бөлмөлөрү, машыгуу залы, фельдшердик бөлүм, жайкы ашкана, футбол аянтчасы, унаа токтоочу жайлары, мончо сыяктуу эң зарыл болгон шарттар камсыздалган.

Алыскы аймактардан келип кызмат өтөгөн кызматкерлердин үй-бүлөсүнүн абалы эске алынып, кызматтык үйлөр да камсыздалган, балдар үчүн ойноочу аянтчасы да бар.

Камчыбек Ташиев чек ара кызматынын өкүлдөрү жана жоокерлер менен бирге тамактанып, жакындан баарлашты.

347388382 261173846405066 5863192924755385394 n «Максат» чек ара заставасы Баткенде ачылды
347255897 1279862012619802 1823505365920379666 n «Максат» чек ара заставасы Баткенде ачылды
347245732 783016909908108 1247973171947723470 n «Максат» чек ара заставасы Баткенде ачылды
350298931 110518732058967 2814314278125396931 n «Максат» чек ара заставасы Баткенде ачылды
347234546 206172651814081 677724812622845036 n «Максат» чек ара заставасы Баткенде ачылды
347234243 120268077719019 4212134699493286511 n «Максат» чек ара заставасы Баткенде ачылды
347247112 639125661037246 2413402974761985849 n «Максат» чек ара заставасы Баткенде ачылды
350322142 794072722361631 31160005965394733 n «Максат» чек ара заставасы Баткенде ачылды