Акылбек Жапаров Орок айылындагы орто мектептин салтанаттуу ачылышына катышты

 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылындагы орто мектептин салтанаттуу ачылышына катышты.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Орок айылындагы орто мектепте окуучулардын саны 1000ден ашуун болгондуктан, окуу беш сменада жүргүзүлүп келгендигин билдирди.

«Мектептин жаңы имараты эки кабаттан туруп, 500 окуучуга ылайыкталган, эми балдар эки сменде окутулат. Бул ийримдердин жана кошумча сабактардын санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет», – дейт билим берүү жана илим министри.

Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасы бул мектептин пайдаланууга берилиши менен жакын жайгашкан башка билим берүү мекемелеринин жүктөмү кескин түрдө кыскарганын белгиледи.

«Билим берүү тутуму олуттуу реформаларга муктаж, реформалар ушул мектептен башталсын. Мен окуучуларга кайрылгым келет – тилдерди, табигый илимдерди, IT технологияларды үйрөнгүлө, жаңы нерселерди билүүгө умтулуп, изденгиле, көбүрөөк китеп окугула. Азыр адамдын келечегин билим аныктай турган учур. Өлкөбүздүн келечеги силердин колуңарда», – деди Акылбек Жапаров.

Андан соң министрлер кабинетинин курулган мектеп имаратын көрүп чыгып, 1-класстын окуучулары үчүн ачык сабакка катышты.