Бишкекте «Түндүк» РЭТ ишке киргизилди

Бишкек шаарында райондук жаңы электр тармагы — «Түндүк» РЭТ ишке киргизилди.

Анын ачылышына Президент Садыр Жапаров катышты.

«Түндүк» РЭТинин өндүрүш базасынын курулушу 2021-жылдын октябрь айында башталып, үч айда бүткөрүлгөн.

Анын курулушу «Түндүк электр» ААК эсебинен жүргүзүлдү.


Бул РЭТ Ден СяопинФучик, Жибек Жолу проспектиси-Профсоюз көчөлөрү чектешкен аймакты, Түндүк айланма жолунун аймагын тейлейт.

Андан тышкары Достук, Аска-Таш, Көлмө, Жеңиш, Ак-Босого, Хабитат, Ак-Тилек, Красный строитель, Келечек, Мурас Ордо, Калыс Ордо, Нуркожо Ата, Дордой, Эне-Сай жаңы конуштарынын керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен камсыз кылат.

Бүгүнкү күндө Бишкекти тейлеп жаткан Батыш жана Чыгыш РЭТтери, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыз кылууда чоң жоопкерчилик алууда. Жаңы Түндүк РЭТинин ишке берилиши аталган конуштарда жашаган керектөөчүлөрдү, ошондой эле бул аймактагы жайгашкан өнөр жай жана соода объектилерин үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздайт.

Жаңы РЭТ 50 миңден ашык абонентти тейлейт.