Садыр Жапаровдун катышуусунда хоккей боюнча Дүйнө чемпионатынын салтанаттуу ачылыш аземи өтөт

Бүгүн, 3-мартта Бишкек шаарында өлкө президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда 2022-жылда IV дивизиондогу хоккей боюнча Дүйнө чемпионатынын салтанаттуу ачылыш аземи өтөт.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.


Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) колдоосу астында өтүп жаткан бул спорттук
мелдеште Кыргыз Республикасы, Кувейт мамлекети, Малайзия, Сингапур жана Иран Ислам Республикасынын командалары күч сынашат.


Турнирге ошондой эле IIHF президенти Люк Тардиф келет.
Салтанаттуу азем КТРК түз эфиринде чагылдырылат.

Башталышы — 19:25.