Эрнис Асанов: Кыргызстанда дары-дармек тартыштыгы болбойт, кооптонууга эч кандай себептер жок

Орус-Украин согушунун алкагында Кыргызстанда дары-дармек тартыштыгы жаралат деген маалыматтарды өлкөнүн фармацевтика бирикмесинин жетекчиси Эрнис Асанов BULAK.KG сайтына берген маегинде четке какты/

“Азыркы учурда Кыргызстанда дары-дармек тартыштыгы бар деген сөздөр чындыкка туура келбейт. Күнүмкү колдонулуп келе жаткан дарылар атайы кампаларда сакталып, үч айга чейин запасы менен турат. Мен жарандарга айтар элем, мурун кандай иштеп жатсак азыр деле ошондой таризде иштөөдөбүз.

Болгону Орусия менен Украинага буга чейин жөнөтүлгөн буйрутмалар аткарылбайт деп айтышты. Анткени Украинадагы абалды бардыгыбыз көрүп турабыз, согуш болуп, өздөрү бункерде отурса кантип жөнөтмөк эле.

Орусия компанияларына Европа, АКШ жана башка көп мамлекеттер санкцияларды киргизгендиктен, дарылар азайып кирбей калышы ыктымал деп, ички рынокту толтуруу үчүн убактылуу экспортту токтотуп жатышат.

Орто эсеп менен алганда Орусия жана Украинадан дармектердин 50-60 пайызы алынып келип жаткан. Азыр бүт эле мамлекеттердин колдонуп жаткан дарылары окшош. Бизде түз эле Кытай, Индиядан жетишпеген дарыларды алып келүүгө мүмкүнчулүктөрүбүз бар.

Саламаттык сактоо министрлиги жана дары-дармек департаменти менен тыгыз мамиледе иштеп, мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, сапаттуу дарыларды алып келүүгө күч жумшалуууда.

Чынын айтсам, эмнеге бул маселе көтөрүлүп кеткенин өзүм да билбей турам. Азыр Кыргызстанда эч кандай дары-дармек көйгөйү жок, бизде андай прогноздорубуз да жок. Орусия менен Украина болбосо аларга альтернатива боло ала турган башка өлкөлөр жетиштүү. Түштүк Кореядан да дармектерди ташууга мүмкүнчулүктөрүбүз жетиштүү.

Коронавирус пандемиясы учурунда баалар көтөрулгөндөй окуялар кездешпейт деп ишеним менен айта алабыз. Бирок, жарандарга кайрыларым дары жетишпейт экен деп ашыкча сатып алып, катып отура берүүнүн кереги жок. Анткени чындап муктаж болгон адамдарга жетпей калышы ыктымал. Анын үстүнө дарыны алып көп убакыт сактап, кармай берсе ал дарылык касиетин жоготуп ууга айланат. Азыр кооптонууга себептер жок”, – деди Эрнис Асанов.