Орунбеков президенттин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды

Дайырбек Орунбеков президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү документке президент Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин Орунбеков журналистика тармагында, «Манас» эл аралык аэропортунун жетекчисинин кеңешчиси, «Кыргыз темир жолу» ишканасында коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Эскерте кетсек, ага чейин аталган кызматты Алтынбек Жумаев ээлеп келген. Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык Жумаев президенттин кеңешчиси болуп